• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бажы кызматы товарларды транзиттик ташууларга байкоо жүргүзүү системасынын улуттук операторун издөөдө

Коом 0

Бишкек, 28.01.20. /Кабар/. Кыргызстанда навигациялык пломбаларды пайдалануу менен Товарлардын транзиттик ташууларына байкоо жүргүзүү системасынын улуттук операторлорун аныктоо жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.

Улуттук операторлорду аныктоо Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2019-жылдын 28-майындагы №19 буйругуна ылайык жүргүзүлүүдө, деп кошумчалашты ведомстводон.

Ошондой эле товарлардын транзиттик ташууларына байкоо жүргүзүү системасын пайдаланууну эске алып, Евразия экономикалык комиссиясынын катышуусу менен навигациялык пломбаларды пайдаланып Товарларды автомобилдик транзит ташууларына мониторинг жүргүзүү боюнча көп тараптуу эксперимент жүргүзүү пландаштырылууда.

Улуттук операторун аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарынын арасынан тандап алуу боюнча иш-чарасын өткөрүү пландалууда.

Улуттук операторун аныктоо боюнча иш-чарага катышууну каалаган юридикалык жактар 2020-жылдын 10-февралына чейин МБКга кайрылуусу керек.

Мамлекеттик бажы кызматы бардык маселелер боюнча + 996 (312) 51-07-89 телефону боюнча кайрылууңуздарды сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий