• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бажы кызматы жыл башынан тарта 1,3 миңден ашуун аткезчилик фактыларын аныктады

Коом 0

Бишкек, 05.07.21. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматы аткезчиликке каршы күрөшүү бөлүмдөрүнүн 2021-жылдын 1-жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды.

Ушул жылдын биринчи жарым жылдыгында бажы кызматынын контрабандага каршы күрөшүү бөлүмдөрү тарабынан 1 миң 301 укук бузуу фактысы аныкталды, анын ичинен:

- 1188 мыйзам бузуу иши козголуп, 5 млн 118 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул өндүрүлүп, 25 млн 308 миң 897 сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрү төлөнгөн;

- Бажы кылмыштарынын фактылары боюнча, 113 материал тергөө органдарына өткөрүлүп берилген, алар боюнча келтирилген зыян 64 млн 458 миң 328 сом өлчөмүндө өндүрүлдү;

- Бажы укук бузууларынын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын алкагында кошумча 26 млн 288 миң 475 сом суммасында бажы төлөмдөр төлөнгөн.

2021-жылдын 1-жарым жылдыгындагы иштин жыйынтыгы боюнча бюджетке кошумча түшүрүлөөрдүн суммасы 121 млн 174 миң 200 сомду түздү.

Өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөргө салыштырмалуу бузууларды аныктоо 115% га жогорулаган, эгерде өткөн жылы 605 бузуу фактысы аныкталса, отчеттук мезгилде бул көрсөткүч 1 миң 301 фактыны түзгөн.

Бюджетке кошумча түшүүлөрдүн суммасы 62,4% га же 46,5 млн сомго көбөйгөн, эгерде 2020-жылдын 1-жарым жылдыгында кошумча түшүүлөрдүн суммасы 74,5 млн сом болсо, отчёттук кварталда бул көрсөткүч 121,1 млн сомду түздү.

Пикир

Оставить комментарий