• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бажы кызматы жыл башынан тарта аткезчиликке байланыштуу 1 миң укук бузуу фактысын аныктады

Коом 0

Бишкек, 18.05.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 4 айында бажы кызматынын аткезчиликке каршы күрөшүү бөлүмдөрү тарабынан 1000 укук бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Анын ичинен:

- Бузуулардын бирдиктүү реестрине 911 факт катталып, козголгон иштер боюнча 3 млн 841 миң 500 сом суммасында айып өндүрүлгөн жана 20 млн 181 миң 571 сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрү төлөнгөн;

- Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 89 факт катталган жана 48 млн 738 миң 740 сом суммасында келтирилген зыян өндүрүлгөн.

“Мындан тышкары бажы укук бузууларынын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын алкагында кошумча 26 млн 288 миң 475 сом суммасында бажы төлөмдөр төлөнгөн”, - айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, 2021-жылдын 4 айындагы иштин жыйынтыгы боюнча бюджетке кошумча түшүрүлөрдүн суммасы 99 050 286 сомду түздү.

Өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөргө салыштырмалуу бузууларды аныктоо 134.1% га жогорулаган, эгерде өткөн жылы 427 бузуу фактысы аныкталса, отчеттук мезгилде бул көрсөткүч 1000 фактыны түзгөн.

Белгиленгендей, бюджетке кошумча түшүүлөрдүн суммасы 82,1% га же 35 676 705 сомго көбөйгөн, эгерде 2020-жылдын 4 айында кошумча түшүүлөрдүн суммасы 54 млн 373 миң 582 сом болсо, отчёттук кварталда бул көрсөткүч 99 млн 50 миң 286 сомду түздү.

Пикир

Оставить комментарий