• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бажы кызматынан “Торугарт” бекети пандемия шартында кандай иштеп жаткандыгы тууралуу айтып беришти

Коом 0

Бишкек, 15.09.20. /Кабар/. COVID-19 коронавирусунун пандемиясынын кырдаалына байланыштуу, ошондой эле 2020-жылдын февраль айынын башынан тарта анын чек аралык жайылышын болтурбоо максатында “Торугарт” өткөрүү пункту аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын ташып өтүү убактылуу токтотулган.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө 2020-жылдын 8-сентябрынан баштап аталган өткөрүү пункту аркылуу товарларды ташуу зарыл болгон санитардык-карантиндик чараларды жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик контролдоочу органдарынын буйругу менен бекитилген алгоритмин сактоо менен жандандыруу жөнүндө сүйлөшүүлөр жетишилген.

1. Жогорула аталган алгоритмге ылайык КЭРден товарларды ташып кирүүнү жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасы тарабынан чиркегичтери жок транспорттук каражаттар (тягачтар) чыгарылат. Кайра чиркөө кытай тарабы менен атайын дайындалган жерде чек аранын жанында жүргүзүлөт. Өз кезегинде КЭР тарабынан андан ары кайра чиркөө, ошондой эле контейнерлерди жүктөө үчүн товарлар жүктөлгөн жүк ташуучу транспорт каражаттарын жеткирүү жүзөгө ашырылат.

2. “Торугарт” өткөрүү пунктунан кайра чиркөөнү жүзөгө ашыруу үчүн белгилүү жерге чыгууга чейин айдоочуга жана транспорт каражатына карата чек арада мамлекеттик контролдоонун түрлөрү жүргүзүлөт. Ушуну менен бирге айдоочулар жанында жеке коргонуу каражаттарын (кол кап, бет кап, дезинфекциялоочу каражаттар) алып жүрүүгө тийиш.

3. Мындан ары кайра чиркөө же контейнерлерди кайра жүктөөнү жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасы тарабынын айдоочусу транспорт каражатын атайын токтотууга дайындалган жерге токтоосу зарыл. Мындан тышкары, айдоочуларга чиркөө боюнча операциялар аяктаганга жана “Торугарт” өткөрүү пунктуна келгенге чейин кабинадан чыгууга тыюу салынат.

4. “Торугарт” өткөрүү пунктуна тягачтар кирүүдө, чек ара контролун өткөрүүгө чейин санитардык-карантиндик пункттардын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин бекитилген иш-аракеттер алгоритмине ылайык зарыл болгон иш-аракеттер жүзөгө ашырылат. Чек ара контролун жүзөгө ашыргандан кийин автотранспорттук каражаттарга карата санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүлөт.

5. Ушуну менен бирге, алгоритм кытай чиркегичтери кошулган кыргыз тягачтарын бажылык тариздөө жайларына чейин кирүүсүн, ошондой эле “Торугарт” өткөрүү пунктунун аймагында андан ары барган жерине чейин жөнөтүү үчүн товарларды кайра жүктөөнү жүзөгө ашырууну караштырат. Ошондой эле кайра жүктөөнү жүзөгө ашырууда, чек ара контролун жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөөнү кошпогондо, контролдоочу органдардын аракеттери кайра жүктөө боюнча операциялар аяктагандан кийин жүзөгө ашырылат.

6. Эгерде товарлар ветеринардык жана/же фитосанитардык контролдон өтүүгө тийиш болсо, ветерианрдык жана/же фитосанитардык контролдоо органдары тарабынан берилген күбөлөндүрүлгөн уруксаттамадан кийин гана бажы операциялары жүзөгө ашырылат.

7. Товарларды барган жерине чейин жеткиргенден кийин кыргыз тягачтары кытайдын бош чиркегичтерин кытай чек арасына жакын жерге чейин ташып өтөт.

Ошентип, кыргыз-кытай чек арасынын участогунда товарларды ташып өтүүдө бардык зарыл болгон санитардык-эпидемиологиялык чаралар сакталат, ошондой эле эки өлкөнүн айдоочуларынын ортосунда түз байланыш жокко чыгарылат.

Пикир

Оставить комментарий