• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бажы кызматынын башчысы жаңы «Silk Way» логистикалык борбордун курулушунун жүрүшү менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 24.07.21. /Кабар/. Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков Чүй облусундагы жаңы «Silk Way» логистикалык борборунун курулушунун жүрүшү менен таанышып чыкты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, таанышуунун жүрүшүндө бажы кызматынын башчысы бул улуттук долбоорду ишке киргизүү тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучулары үчүн жагымдуу шарттарды түзөт, натыйжада эл аралык соода жана товар жүгүртүү бөлүгүндө өлкөнүн экономикалык дараметин жогорулатууга жана өнүгүүсүнө түздөн-түз таасир тийгизет деп белгилеп кетти.

Индустриалдык парктын ачылышынын маанилүүлүгү анын көп функционалдуу болушунда камтылган.

«Бажы брокерлери жана кампа жайлары борбордоштурулат, тагыраак айтканда, бизнесмендер жана ТЭИ катышуучулары бардык кызматтарды бир жерден ала алышат, бул алардын иш жүргүзүүсүн кыйла жеңилдетет. Албетте, бул мамлекеттик казынага акча каражаттарынын түшүүсүн жогорулатат», - деп белгилеп, аталган улуттук долбоор иштеп баштаганда «ЮниЛаб» жана «БТС» терминалдарынын иштөөсү токтотулат деп кошумчалады.

Ири улуттук индустриалдык парктын ачылышы Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата 31-августка пландалган.

Пикир

Оставить комментарий