• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бажы кызматынын кырдаалдык борборуна техникалык жабдуулар берилет

Коом 0

Бишкек, 11.12.20 /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Замирбек Карашевдин Бишкек шаарындагы ЕККУ Программалык офисинин башчысы, элчи Пьер фон Аркс мырза менен эки тараптуу жолугушуу болду. Бул тууралуу Бажы кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуу, ошондой эле 2020-жылга карата Кыргыз Республикасынын бажы кызматы менен ЕККУнун ортосундагы өз ара кызматташуунун алкагындагы иш-чаралардын ишке ашуусунун жүрүшү жана 2021-жылга карата пландалган иш-чаралар боюнча маселелерди талкуулашты.

Ошондой эле бажы кызматынын борбордук аппаратында кырдаалдык борборду техникалык жабдуу, бизнес-процесстерди автоматташтыруу, бажы кызматынын жумуш процессин санариптештирүү, кызматкерлердин кесиптик квалификациясынын деңгээлин жогорулатуу жана Региондук окуу борборунун ( БДБУ РОБ) ишине жана “Меркатор” (БДБУ) Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун программасына ылайык соода жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү боюнча милдеттерди аткарууга бажы кызматына көмөк көрсөтүүсү боюнча маселелер талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында кырдаалдык борборунун иштөөсү үчүн жабдууларды бажы кызматынын балансына өткөрүп берүү актысына кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий