• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бажы кызматынын мурдагы башчысы Жунусов апрелге чейин УКМКнын тергөө абагында калат

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.02.19. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы башчысы Адамкул Жунусовду 4-апрелге чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында калтыруу каралды. Бул тууралуу Финансы полициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, учурда сотко чейинки өндүрүш иштер жүрүүдө.

Эске салсак, Бажы кызматынын мурунку төрагасы Адамкул Жунусов 4-декабрь күнү Нью-Йорктон Бакуга учуп келгенде, аэропорттон кармалган.

Жунусовго коррупция жолу менен өлкөгө 167 млн. сом өлчөмүндө зыян алып келгендиги үчүн кылмыш иши козголгон. Ал эл аралык издөөгө 28-август күнү жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий