• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Жунусов Кыргызстанга экстрадицияланды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.12.18. /Кабар/. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш мамлекеттик кызматынын кызматкерлери Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусовду Кыргызстанга алып келишти.

Ал бүгүн финполициянын кызматкерлеринин коштоосунда Ажербайжандан Бишкекке экстрадицияланган. Ведомстводон кабарлашкандай, Жунусов 4-декабрда Бакунун аэропортунда колго түшкөн.

Эске сала кетсек, Финансы полициясы, Башкы прокуратура жана Интерпол биргеликте Жунусовду Кыргызстанга экстрадициялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келишкен.

Жунусовго 2018-жылдын августунда издөө жарыяланган. Ал "Кызматтык абалына кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча айыпталууда.

Бишкектин Биринчи май райондук соту аны камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган.

Пикир

Оставить комментарий