• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бажы кызматынын төрагасы Исабеков Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун дараметин өстүрүү боюнча директору менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 11.10.21. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун дараметин өстүрүү боюнча директору Таели Кангаа менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө ушул жылдын ноябрында БДБУнун Башкы катчысы Кунио Микуриянын келүүсүнүн маселелери жана мындан аркы кызматташуу боюнча перспективдүү маселелер талкууланды.

Мындан тышкары, COVID-19га байланыштуу түзүлгөн кырдаал мезгилинде “Меркатор” (СЖЖМ) Соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү макулдашуусунун чараларын ишке ашыруу боюнча күчөтүлгөн иш-аракеттер белгиленди.

Соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү чараларын ишке ашыруу боюнча МБК үчүн БДБУнун эксперттеринин диагностикалык миссиясы маанилүү болгонун бажы кызматынын төрагасы Исабеков белгилеп кетти.

Ошондой эле ведомствонун башчысы 12–15–октябрда Кыргызстандын аймагында болуп өтчү БДБУнун Европа регионундагы Регионалдык окуу борборлорунун башчыларынын кезектеги 11-отурумун уюштурууга ар тараптуу көмөктөшүү үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий