• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бажы кызматынын төрагасы Кубанычбеков УКМКнын тергөө абагына эки айга камалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.01.22. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков УКМКнын тергөө абагына эки айга камалды. Бул тууралуу чечим бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан кабыл алынды.

Соттун чечими менен Кубанычбековго карата 17-мартка чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

Эске салсак, Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков 17-январда УКМК тарабынан коррупция беренеси боюнча кармалган.

Пикир

Оставить комментарий