• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бажы кызматынын төрагасы Райымбек Матраимов боюнча комментарий берди

Коом 0

Бишкек, 28.01.19. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов тажрыйбалуу жетекчи жана эгер сот анын пайдасына чечим чыгарса, анда ал кызматына кайра келет. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында Бажы кызматынын төрагасы Алмаз Оңолбеков билдирди.

"Райымбек Матраимов Бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматында белгилүү бир убакыт иштеди. Андан мурда Бажы кызматында жетекчи кызматтарда эмгектенди. Ырасында Бишкек шаардык сотундагы процессти утуп алган. Бул биздин компетенция эмес. Эгер сот чечим чыгарса биз аны аткарабыз. Эгер өкмөт апелляция берсе биз чечимди да кабыл алабыз", - деди ал.

Оңолбеков белгилегендей, Матраимов Ош бажы кызматынын жетекчиси, Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болгон.

"Биз статистикага көз жүгүрттүк, ал убакта Ош бажысы боюнча, жалпы эле көрсөткүчтөрдүн өсүшү болгон. Ал - тажрыйбалуу жетекчи", - деди Оңолбеков.

"Эгер сот чечим чыгарса биз эмнеге аны аткарбашыбыз керек", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий