• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бажы кызматынын түзүлгөндүгүнүн 31 жылдыгына карата салтанаттуу жыйын өттү

Коом 0

Бишкек, 31.12.22./Кабар/. Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын борбордук аппаратында Бажы кызматынын түзүлгөндүгүнүн 31 жылдыгына карата салтанаттуу жыйын болуп өттү.

ЕЭКтин Бажы кызматташтыгы боюнча коллегия мүчөсү (министри) – Максат Мамытканов, Жогорку Кеңештин депутаты А. Масабиров, КР УКМКнын Чек ара кызматынын өкүлдөрү, ардагер, бажынын генерал-лейтенанты А. Закиров, Бажы кызматынын ардагерлер союзунун төрагасы К. Кемелбаев жана башкалар мамлекеттик бажы кызматынын ардагерлерин жана бажы кызматынын кызматкерлерин кесиптик майрамдары менен куттуктады.

Ведомстволук сыйлыктарды тапшырып жатып, коноктор аталган кызматтын бюджеттин киреше бөлүгүн жана өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыздоодогу орду чоң экенин белгилешти.

Бажы кызматынын төрагасы С. Исабеков. жемиштүү кызматташуусу жана бажы кызматынын ишмердүүлүгүн жакшыртууга көмөктөшкөндүгү үчүн конокторго ыраазычылык билдирди.

Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчиси өздүк курамга кайрылып, бажы кызматынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, бардык кызматкерлерге коюлган милдеттерди аткарууда жакшы координацияланган иштери үчүн ыраазычылык билдирди.

Бажы кызматынын талыкпаган жана ыкчам иш-аракетинин натыйжасы бажы төлөмдөрүн жыйноо боюнча пландын 104,1%га аткарылышы болуп саналат, деп баса белгиледи төрага Исабеков.

2022-жылдын январь-декабрына карата бажы кызматы тарабынан 74,0 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү алдын ала камсыз кылынып, белгиленген план 104,1%га аткарылган же 332,5 миң сомго көп түшкөн.

2021-жылдын ушул мезгилине карата бул сумма 46,9 млрд сомду түзгөн

Башкача айтканда, быйыл 12 айда 27,1 миллиард сомго көбүрөөк чогулган, ал эми өсүү темпи 157,8%ды түздү.

Мамлекеттик бюджетке бажы төлөмдөрүнүн түшүү көрсөткүчтөрүн 2017-жылдын ушул мезгили менен салыштыра турган болсок, анда бажы кызматы тарабынан 39,7 млрд сомго көп берилген.

2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 32,2 млрд сомго көп. Ошондой эле, 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30,7 млрд сомго көп.

Бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүнүн мындай көрсөткүчү Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын тарыхында биринчи жолу байкалууда жана бүтүндөй бажы кызматынын ишинин сапатынын олуттуу жакшырганынан кабар берет.

Сөзүнүн соңунда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы бардыгын келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, чың ден соолук, бакубатчылык, алдыга коюлган бардык милдеттердин аткарылышын, 2023-жыл экономиканын, маданияттын жана башка ийгиликтердин жылы болушун каалады.

Бажы кызматынын кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу жыйын ведомстволук сыйлыктарга көрсөтүлгөн кызматкерлерди сыйлоо аземи менен аяктады.

Пикир

Оставить комментарий