• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бажы кызматынын жаңы башчысы бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 20.10.20. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматынын жаңыдан дайындалган төрагасы Кадыржан Семетеев бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Бажы кызматынан билдиришкендей, тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучулары үчүн жагымдуу шарттарды түзүү бажы кызматынын приоритеттүү тапшырмасы болуп саналат. Ошондуктан, бүгүн 2020-жылдын 20-октябрында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кадыржан Семетеев бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушкан.

"COVID-19 пандемиясынын кесепетинен ЕАЭБдин тышкы чек араларынын жабылышы бажы түшүүлөрүнүн динамикасына жана бизнес чөйрөсүнүн ишмердигине терс таасирин тийгизди. Буга байланыштуу учурда бажы кызматынын алгачкы тапшырмаларынын бири тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучулары үчүн шарттарды жакшыртуу болуп саналат деп белгиледи ведомствонун башчысы. Жолугушуунун жүрүшүндө бизнестин өкүлдөрү өздөрүнүн көйгөйлүү маселелерин айтышты жана аларга толук жооп алышты", - деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун жыйынтыгында Семетеев тиешелүү бөлүнүштөргө бир катар тапшырмаларды берип, кыска мөөнөттүн ичинде бизнес чөйрөсүндөгү болгон көйгөйлөрдү чечүүнү тапшырды.

ТЭИ катышуучулары менен тыгыз байланышта кызматташуу бажы кызматынын натыйжалуу жана ачык иштөөсүн камсыз кылууга мүмкүндүк бере тургандыгын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий