• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Бажы төлөмдөрүн төлөөдөн баш тартуу фактысы аныкталып, келтирилген зыян 523 389 сомду түздү

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.02.20. /Кабар/. Бажы кызматынын кызматкерлери Жалал-Абад облусунун Сузак айылында “Хонда-Джаз” үлгүсүндөгү унааны кармашкан. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Унаа Кыргызстандын аймагына И.М.Х. аттуу алуучунун дарегине ташып киргизилип, 37 804 сом суммасында бажы төлөмдөрү төлөнгөн.

БКОнун 6.5 графасында жогоруда аталган унаа 2008-жылы чыккан деп көрсөтүлгөн. Бирок “Эксперт-Юг” мамлекеттик эмес соттук-эксперттик уюмдун адисинин корутундусуна ылайык, “Хонда-Джаз” үлгүсүндөгү унаа 2006-жылы чыккан.

Муну менен И.М.Х. аттуу жаран документтерге жалган маалыматтарды киргизип, автоунаанын чыккан жылын өзгөртүп, бажы төлөмдөрүн төлөөдөн баш тарткан. Мамлекетке келтирилген зыяндын алдын ала суммасы 523 389 сомду түздү.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып. Материалдар Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий