• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бажычылар 7,3 млн сомдук акциз маркалары жок тамекини ташыган жаранды кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.04.22. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери 7,3 млн сомдук акциз маркалары жок тамекини ташыган жаранды кармады. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, “Оперативдүү” бажысынын контрабанда жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Ж.К.А., аттуу кыргызстандыктын башкаруусундагы Mercedes-Benz 211 үлгүсүндөгү унааны Ош шаарынан чыгып бара жаткан жеринен токтотушкан.

Транспорттук каражатты текшерүүдө акциз маркалары 1 млн 740 миң даана (14 миң 500 куту, 29 таңгак) болгон Milano London жана Milano New York соода маркасынын филтри менен тамекилер товары табылган. Кармалган жүктүн орточо базар баасы 7 млн 395 миң сомду түздү.

Аталган факты каттоого алынып, материалдар Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий