• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бажычылар аткезчилик жол менен ташылып келген баасы 800 миң сомдон ашуун товарды кармашты

Аймак 0

Бишкек, 08.04.21. /Кабар/. Бажы кызматкерлери аткезчилик жол менен ташылып келген жалпы суммасы 800 миң сомдон ашуун товарды кармашты. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү/чыгуу фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында “Баткен” бажысынын кызматкерлери Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Алга айылында “VOLVO PH12” үлгүсүндөгү автотранспортту токтотуп, текшерүүгө алышкан.

Жогорудагы транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келе жаткан картон коробкаларга салынган керамика плиткалар (кафель) жана “EOCENE” үлгүсүндөгү макарон даярдоочу жабдык табылган. Кармалган товардын жалпы наркы 846 миң 662 сомду түзөт.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар КРдин мыйзамдарына ылайык тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий