• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бажычылар КРнын түштүгүндө 4 млн сомдон ашык суммадагы аткезчилик дарыларды кармашты

Укук тартиби 0

Бишкек, 6-март /Кабар/. Бажычылар 4 млн сомдон ашык суммадагы аткезчилик дарыларды кармашты.

МБКнын басма сөз кызматы билдиргендей, 2017-жылы февралдын этегинде КР МБК Лейлек чек ара отрядынын аскер бөлүгүнөн “Баткен” бажысынын аткезчилик менен күрөшүү бөлүмүнө КРнын жараны Н.А.А. айдаган “Мерседес-Бенц” (спринтер) автоунаасы тиешелүү документсиз 270 куту дары каражатынан турган жүк менен кармалганы тууралуу маалымат түшкөн.

“Баткен” бажысынын аткезчиликке каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан «Мерседес-Бенц» (спринтер) маркасындагы автоунааны текшерүү учурунда дары каражаттарын мыйзамсыз ташуу аныкталган. ССМ КРнын Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин Түштүк филиалынын катына ылайык, дары каражаттарынын суммасы 4 602 131 сомду түзөт.

Бул факт боюнча материалдар Мамлекеттик экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына ишти кароого өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий