• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бажычылар Кытайдан аткезчилик жол менен алынып келе жаткан ичимдиктерди кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.05.18. /Кабар/. Кытайдан аткезчилик менен келе жаткан арак аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, атайын жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында Кытай Эл Республикасынан (КЭР) аткезчилик жолу менен алынып келе жаткан арактар табылган.

Токтотулган унаанын ичинен эч кандай КЭРнын акциздик маркасы чапталбагандыгы аныкталган.

Алар:

- 0,5 л. - 24 бөтөлкө;

- 0,250 л. - 200 бөтөлкө;

Аталган иш боюнча материалдар андан ары тергөө органдарына жөнөтүү үчүн Ысык-Көл облустук прокуратурасынын кароосуна жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий