• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бажычылар тобокелдиктерди профилдөө жана жасалма документтерди табуу боюнча окуудан өттү

Коом 0

Бишкек, 06.12.21. /Кабар/. Бажы кызматкерлери тобокелдиктерди профилдөө жана жасалма документтерди табуу боюнча окуудан өтүштү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 29-ноябрынан 3-декабрын кошкон мезгилде Бишкек шаарында ЕККУнун Программалык кеңсесинин колдоосунда Адистештирилген окутуу бажысынын базасында “Тобокелдиктерди профилдөө жана жасалма документтерди табуу (Профайлинг)” темасы боюнча курс өткөрүлдү.

Белгиленгендей, семинар өткөрүүгө ЕККУнун эксперти Джон Кроб тартылып, Бажы кызматынын 9 кызматкери окуудан өтүштү жана курс аяктаганда аларга сертификаттар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий