• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Бажычылар товардын баасын төмөндөтүп көрсөтүү фактысын аныктады

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.02.23. /Кабар/. "Манас" бажысынын кызматкерлери товардын баасын төмөндөтүп көрсөтүү фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын бажы аймагына "Маршрутизаторлор", "Радиостанциялар жана радиостанциялардын тетиктери" товарлары бажы наркын төмөн баалоо менен ташылып келгендиги аныкталып, мында товарлардын наркынын жалпы суммасындагы айырма 65 878,5 АКШ долларын түздү.

Товарларды бажылык тариздөөдө кошумча төлөнүүчү бажы төлөмдөрүнүн суммасы 804 594 сомду түздү.

Аталган факт боюнча материалдар Башкы прокуратурага өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий