• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бажыдагы коррупцияга байланыштуу иликтөө: УКМКнын, ИИМдин жана Финансы полициясынын тергөөчүлөрүнөн турган топ түзүлдү

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.11.19. /Кабар/. Бажыдагы коррупцияга байланыштуу «Азаттык» радиосунун жана «Kloop» маалымат агенттигинин чогуу жүргүзгөн иликтөөсү боюнча УКМКнын, ИИМдин жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) тергөөчүлөрүнөн турган атайын тергөө тобу түзүлдү. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди.

Ал билдиргендей, топту УКМКнын Тергөө бөлүмүнүн башчысы жетектеген, ошондой эле материалдар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине өткөрүлүп берилген.

Сагынбаевдин айтуусунда, 22-ноябрда журналисттердин иликтөөсү жарыяланган. Анда Айеркен Саймаити өмүрүнө коркунуч болгондуктан Кыргызстандан Түркияга чыгып кеткендигин айткан. Ошол эле күнү Башкы прокуратура аталган фактыны Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене (адам өлтүрүүгө аракет кылуу) боюнча каттоого алган.

«24-ноябрда Башкы прокуратура баардык материалдарды УКМКга өткөрүп берген. Башкы прокуратура башчысынын буйругу менен УКМКнын, ИИМдин жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын тергөөчүлөрүнөн турган атайын тергөө тобу түзүлгөн», - деди ал.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Айеркен Саймаити Кыргызстандын жараны болбогондугун кошумчалады. Ал маалымдагандай, ага мыйзамсыз түрдө Эркин Самятовдун атына паспорт жана ID-картаны алган. Ал бул документтерди Мамлекеттик каттоо кызматынын Сузак району боюнча түзүмдүк бөлүмүнөн 2014-жылы алган. Бул факты 2019-жылдын июлунда ачыкталган.

«2019-жылы кылмыш иши козголуп, шектүү адамдар аныкталган. Кылмыш иши толугу менен аяктап, райондук соттун кароосуна жөнөтүлгөн», - деп кошумчалады Сагынбаев.

Пикир

Оставить комментарий