• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

«Бажылык жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамга кол коюлду

Президент 0

Бишкек. 29.04.19 /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков «Бажылык жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамына кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 14-мартында кабыл алынган.

Аталган Мыйзамдын максаты

— Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары — ЕАЭБ) Бажы кодексине ылайык, жөнгө салынуусу ЕАЭБине мүчө-мамлекеттердин мыйзамдарынын негизинде ишке ашырылуучу бажылык укук мамилелерин, ошондой эле ЕАЭБ Бажы кодекси жана бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер жана актылар менен жөнгө салынбаган бажылык укук мамилелерин жөнгө салуу.

Бул Мыйзам Кыргыз Республикасындагы ЕАЭБнин бажы чек арасы (мындан ары — бажы чек арасы) аркылуу товарларды өткөрүү, алардын Кыргыз Республикасындагы ЕАЭБнин бажы аймагында (мындан ары — бажы аймагы) же анын чегинен тышкары туруусунун жана анын пайдаланылуусунун тартибин жана шарттарын, товарларды бажы аймагына алып келүүгө жана бажы аймагынан алып чыгууга, товарларды убактылуу сактоо, аларды бажылык декларациялоого жана чыгарууга байланышкан бажы операцияларын, башка бажы операцияларын жүргүзүү тартибин, бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө жана бажы контролун жүргүзүү тартибин белгилөөгө байланышкан мамилелерди укуктук жөнгө салуу, ошондой эле бажы органдарынын менен бажы аймагында же анын чегинен тышкары товарларга ээлик кылуу, пайдалануу жана (же) тескөө укугун ишке ашыруучу адамдардын ортосундагы укуктук мамилелерди жөнгө салууну камтыйт.

Кабыл алынган Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып колдонуудагы «Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 Мыйзамы күчүн жоготту деп таанылат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий