• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бегимай Карыпбекова “Кыргызстан сулуусу-2017” сынагынын жеңүүчүсү болду

Маданият 0

Бишкек, 6-апрель /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кечээ Бишкекте “Кыргызстан сулуусу-2017” сынагы өтүп, 19 жаштагы Бегимай Карыпбекова жеңүүчү аталды.

Жалпысынан сынакка 17 сулуу катышты. 1-вице-мисс титулу Айчүрөк Маматемировага ыйгарылып, Гүлзада Исламбек кызы 2-вице-мисс наамын алды. Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгүнө Айпери Мелисбек кызы ээ болду.

Сынактын жеңүүчүсү Б.Карыпбекова 100 миң сомдук сертификат жана Кыргызстандын атынан “Дүйнө сулуусу - 2017” эл аралык сынагына катышуу мүмкүнчүлүгүн алды.

Эскерте кетсек, Б.Карыпбекованын эл аралык сулуулук сынактарына катышуу тажрыйбасы бар. Буга чейин ал «Miss Tourism evrasia» сынагынын Гран-Прине ээ болгон. Ошондой эле, «Top Model Of The World 2016» эл аралык сулуулук сынагына Кыргызстандын атынан катышып, «Miss Intercontinental 2016» сынагына катышуу мүмкүнчүлүгүн алган.

Пикир

Оставить комментарий