• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам долбоору ал уюмдарды толук көзөмөлдөө дегенди түшүндүрбөйт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 24.01.20. /Кабар/. "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" жана "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" КР мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору, аларды толук көзөмөлдөө дегенди түшүндүрбөйт. Бул тууралуу аталган мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири ЖК депутаты Бактыбек Райымкулов парламентте өтүп жаткан коомдук талкуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, мыйзам долбооруна ылайык, аталган уюмдарга өкмөткө каржылык отчетторун тапшырып турушу сунушталууда.

"Бейөкмөт уюмдар мамлекеттик органдар сыяктуу ачык болсо, мамлекет менен жарандык сектордун кызматташтыгына жардам берет", - деди ал.

Ал белгилегендей, бул мыйзам долбоору коомдо кызуу талкуу жаратты.

"Биз бейөкмөт уюмдарга толук көзөмөл кылгыбыз келип жатканын билдирбейт. Алардын Улуттук статистика комитетине берген отчеттору купуялуу болуп эсептелет. Мындан улам гранттар кандай өздөштүрүлүп жатканын билгибиз келүүдө. 26 жыл ичинде бейөкмөт уюмдар аркылуу 2 млрд доллар келген", - деди ал.

Анын айтымында, мамлекет аталган уюмдардын өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымын жогору баалайт.

Мыйзамдын долбооруна ылайык, гранттык, бюджеттик каражаттардын, ошондой эле акысыз негизде берилген акча каражаттарынын эсебинен иш жүргүзүп жаткан коммерциялык эмес уюмдар жыл сайын КР өкмөтү белгилеген тийиштүү форма боюнча финансы каражаттарынын булактары жана чыгымдоо багыттары жөнүндө маалыматты бере тургандыгын караган ченемдер сунушталат. Көрсөтүлгөн талаптарды бузган учурда КР мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик каралат.

Маалымкат-негиздемеде айтылгандай, Европа жана КМШ өлкөлөрүндө (Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Армения, Азербайжан, Беларус ж.б.) коммерциялык эмес уюмдар гранттык каражаттардын чыгымдалышы жөнүндө отчет беришет.

Пикир

Оставить комментарий