• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бейөкмөт уюмдар көзөмөлгө алынабы? – Бишкекте коомдук талкуулар өтүүдө

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 24.01.20. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңеште "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" жана "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" КР мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуулар өтүүдө.

Демилгечилер: Жогорку Кеңештин депутаттары – Б.Райымкулов, Ж. Мусабекова, Б.Турусбеков, У.Примов, У.Кыдыралиев, Е.Строкова, А.Исмаилова, М.Маматалиев.

Мыйзамдын долбооруна ылайык, гранттык, бюджеттик каражаттардын, ошондой эле акысыз негизде берилген акча каражаттарынын эсебинен иш жүргүзүп жаткан коммерциялык эмес уюмдар жыл сайын КР өкмөтү белгилеген тийиштүү форма боюнча финансы каражаттарынын булактары жана чыгымдоо багыттары жөнүндө маалыматты бере тургандыгын караган ченемдер сунушталат. Көрсөтүлгөн талаптарды бузган учурда КР мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик каралат.

Маалымкат-негиздемеде айтылгандай, Европа жана КМШ өлкөлөрүндө (Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Армения, Азербайжан, Беларус ж.б.) коммерциялык эмес уюмдар гранттык каражаттардын чыгымдалышы жөнүндө отчет беришет.

Пикир

Оставить комментарий