• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бейбаштар Эркиндик бульварындагы отургучтарга чиймелеп кетишти (сүрөт)

Коом 0

Бишкек, 03.07.18. /Кабар/. Бишкектеги Эркиндик бульварындагы отургучтарга чиймелеп кетишкен. Бул тууралуу “Тазалык” МИнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, отургуч жана таштанды челектери орнотулгандыгына бир ай араң болгондугуна карабастан, аларды булгаганга жетишишти.

“Ар бир отургучка канча эмгек кеткендигин силер элестете да албайсыңар. Биз алардын ар бир дыкат даярдап, чогултуп, паркка же эс алуучу жайына шаймандар менен чогу алып барып, орнотобуз”, - деп айтылат маааалыматта.

Кызматкерлер шаар тургундарын жана конокторунан “Тазалык” МИнын эмгегине арай мамиле кылууга чакырат.

“Кабар” агенттигине билдиришкендей, учурда МИнын кызматкерлери отургучтардагы жазууларды өчүрүп жатышат.

Пикир

Оставить комментарий