• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бейкүнөө кызды өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн адам өмүр бою эркиндигинен ажыратылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11-май /Кабар/. Бейкүнөө кызды өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн адам өмүр бою эркиндигинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, соттолуучу Э. уулу К. 1992-жылы туулган, билими орто мектептин 5 классын бүтүргөн, бойдок, убактылуу эч жерде иштебеген, кылмыш иши боюнча 2016-жылдын 28-октябрынан бери камакта турган, мурда сот жообуна тартылган.

Соттолуучу Э. уулу К. 2016-жылдын 27-октябрында саат болжол менен 15:00 чамасында жабырлануучу А. кызы А.ны жол жактан күтүп алып, көл жээкке барууну талап кылып, Ысык-Көл районунун айылдарынын биринде бир үйдүн тушунан коркутуп, «Сен мага жагасың» деген сөзүнө жабырлануучу А. кызы А.: «Мага сен жакпайсың», - деп жооп кайтарган учурда Э. уулу К. эч себепсиз жолдун жээгинен колуна таш алып, кызга күч колдонуп, таш менен баш тарапка эки-үч ирет уруп жиберип, жабырлануучу эс учун жоготуп жерге жыгылганда, өзү менен кошо ала келген бычагын чөнтөгүнөн алып чыгып, кызды мыкаачылык менен дене бөлүктөрүнө сайгылап, окуя болгон жерден изин жашырып, качып кеткен. Натыйжада, кыз денесинен алган жаракаттардан улам окуя болгон жерде каза болгон.

Соттук-психиатриялык экспертизанын 08.11.2016-жылдагы №1299 корутундусунда Э. уулу К. психикалык оору менен жабыркабай тургандыгы жана өзүнүн кыймыл-аракеттерине отчет бере алары көрсөтүлгөн.

Ысык-Көл райондук сотунун 13.01.2017-ж. өкүмү менен Э. уулу К. Кыргыз Республикасынын КЖКнин 97-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6-пункту (Өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүү) менен күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркиндигинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланган. Жазасын өзгөчө тартиптеги абакта өтөөсү белгиленген.

Бул өкүм менен макул болбой соттолуучу Э. уулу К. кассациялык даттануусу менен Ысык-Көл областтык сотуна кайрылган.

Ысык-Көл областтык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2017-жылдын 26-апрелиндеги аныктамасы менен Ысык-Көл райондук сотунун 2017-жылдын13-январында чыгарылган Э. уулу К. жөнүндөгү өкүмү өзгөртүүсүз, кассациялык даттануу канааттандыруусуз калтырылган.

Аныктама жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте нааразы тарап Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна даттанууга укуктуу.

Пикир

Оставить комментарий