• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бэйл "Реалдын" тарыхындагы бомбардир-легионерлер тизмегинде Роналдого жетти

Спорт 0

Бишкек, 02.09.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Мадриддик "Реал" клубунун чабуулчусу Гарет Бэйл Испания биринчилигинин 3-турунда "Вильярреал" командасына 2 гол киргизди. Бул тууралуу Чемпионат басылмасы жазат.

Бэйлдин 2 голу "Реалдын" курамында киргизген 103-104-голу болду. Бул көрсөткүч менен белгилүү бразилиялык оюнчу Роналдого жетти.

"Реал" тарыхындагы бомбардир-легионерлер:

1. Криштиану Роналду — 450

2. Альфредо Ди Стефано — 308

3. Ференц Пушкаш — 241

4. Карим Бензема — 224

5. Уго Санчес — 208

6. Гонсало Игуаин — 121

7. Роналдо, Гарет Бэйл — 104 гол киргизген.

Эскерте кетсек, Бэйл "Реалдын" курамында 2013-жылдан бери ойноп келет. Анын аталган клуб менен болгон келишими 2022-жылдын 30-июнуна чейин түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий