• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бейрут портунда катуу жарылуу болуп, миңдеген адам жаракат алды

Дүйнө 0

Бишкек, 05.08.20. /Кабар/. 4-августта Ливандын борбору Бейрут шаарындагы деңиз портунда катуу жарылуу болду. Ондогон киши өлүп, миңдеген адам жаракат алды.

Бейруттун порттор жайгашкан бөлүгүндөгү жарылуудан жакын жайгашкан имараттардын айнектери күбүлүп, көптөгөн мекемелер зыянга учурады. Жергиликтүү тургундар жарылуунун үнү 200 чакырым алыстыктагы Кипрде да угулганын билдиришүүдө. Калаа башчысы окуяны Хиросима жана Нагасаки шаарларындагы өзөктүн жарылуулар менен салыштырды.

Расмий маалыматтар боюнча каза болгондор 78 кишиге жетти. Алардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн. Өлкөнүн премьер-министри Хасан Диаб 5-августту аза күтүү күнү деп жарыялады.

Алгач кампадагы пиротехника жарылган болушу мүмкүн деген версия айтылган. Көп өтпөй өлкөдөгү «Хезболла» партиясынын кампасындагы курал-жарак жарылган деген божомолдор пайда болду. Бирок бул маалыматты партиянын өкүлдөрү четке кагышты. «Хезболланы» террордук уюм деп эсептеген Израилдеги булактар Бейрутка сокку жасалбаганын билдиришти. Бул тууралуу Израилдин тышкы иштер министри Габи Ашкенази да N12 телеканалынын эфиринде айтты.

Жарылуу Ливандагы маанилүү саясий окуянын алдында болду. 7-августта Гаагадагы атайын трибунал өлкөнүн мурдагы премьер-министри Рафик Хариринин өлүмү боюнча акыркы чечимин чыгарышы керек. Саясатчы 2005-жылы терактта мерт болгон. Шектүүлөрдүн арасында шийиттердин «Хезболла» партиясы бар. Харири өзү сунниттердин «Мусотакбаль» партиясынын өкүлү болгон.

Өткөн жумада азыркы премьер-министр Хассан Дияб өлкөнүн Коопсуздук боюнча жогорку кеңешинде сөз сүйлөп, Гаагадагы өкүм Ливанда жарандык согуштун чыгуусуна алып келиши мүмкүндүгүн айткан.

NNA мамлекеттик маалымат агенттиги каза болгондордун арасында христиандардын «Катаиб» христиан партиясынын башкы катчысы Назар Нажарьян бар экенин кабарлады. Катаиб — «Хезболланын» каршылашы, эки партиянын ортосундагы тирешүү өлкөдөгү бир канча жолку саясий каатчылыктарга себеп болгон.

Пикир

Оставить комментарий