• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бейшембиев Пакистан премьеринин Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисинин орун басары менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 16.02.21. /Кабар/. 2021-жылдын 15-февралында Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Эрик Бейшембиев Пакистандын премьер-министринин Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисинин орун басары Сайед Ахмед Марууф, ошондой эле бир катар стратегиялык изилдөө борборлорунун өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Пакистандын алдыңкы стратегиялык изилдөөлөр борборлорунун ортосунда кызматташтыкты орнотуу, тажрыйба алмашуу, биргелешкен изилдөө жана басылмалар, ошондой эле форумдар жана семинарлар жөнүндө сүйлөшүштү.

Пикир

Оставить комментарий