• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бейшеналиев: Батир, унаа ойнотуп жарандарды эмдөөгө кызыктыра албайбыз

COVID - 19 0

Бишкек, 17.08.21. /Кабар/. Экономикалык жактан алганда Кыргызстан жарандарына батир, унаа ойнотуу менен аларды эмдөөгө кызыктыра албайт. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, министрлик эмдөөдөн өткөн жарандарга соода борборлордо, кафелерде арзандатууларды уюштуруу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

"Азыркы учурда эмделген адамдар мобилдик операторлордун биринен 10 ГБ бекер интернет ала алышат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий