• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бейшеналиев Баткен облусундагы билим берүү тармагынын кызматкерлери менен онлайн жолугушуу өткөрдү

Билим 0

Бишкек, 15.12.20. /Кабар/. Бүгүн, 15-декабрда билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Баткен облусундагы билим берүү тармагынын кызматкерлери менен онлайн жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууга Баткен облусунун райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, жалпы жана жогорку билим берүү уюмдарынын башчылары катышты.

Жолугушууда мектептерде санитардык эрежелердин сакталышы, кышкы даярдыктар жана башкалар тууралуу райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары маалымат беришти. Мындан тышкары билим берүүнүн мазмунун жаңылоо, жаңы китептерди басып чыгуучу жана сапатына жооп берүүчү “Окуу китеби” ишканасы жана башка маселелер талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий