• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бейшеналиев Баткенде билим берүүдөгү көйгөйлөрдү чечүү боюнча тапшырмаларды берди

Билим 0

Бишкек, 25.05.22. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Баткен облусунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушуп, бул облустагы көйгөйлөрдү тизмектеп, тиешелүү чараларды көрүүнү тапшырды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында министр төмөндөгү тапшырмаларды берди:

- БатМУнун Сүлүктү педагогикалык колледжинин Мектепке чейинки билим берүү адистигине бюджеттик орундарды көбөйтүп берүү боюнча иштерди жүргүзүү;

- Баткен облусунун жалпы билим берүү мекемелерин окутуу тилдерине ылайык, окуу китептери жана окуу-методикалык адабияттар менен камсыздоо иштерин жүргүзүү;

- мектепке чейинки жана жалпы билим берүү мекемелерин, мамлекеттик кесиптик орто жана башталгыч окуу жайларын кезектеги жана капиталдык оңдоп-түзөө иштери боюнча көйгөйдү чечүү үчүн, эл аралык донорлор менен иш алып баруу жана окуу-өндүрүштүк устаканаларды заманбап компьютерлер жана тиешелүү окуу жабдуулары менен камсыздоо;

- облустагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарын компьютер менен камсыздоо;

- облустагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарын интернет желесине туташтыруу;

- билим берүүнүн сапатын жана педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу боюнча зарыл чараларды көрүү;

- мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарынын суу менен камсыздоо маселесин чечүү;

- негизги жолдорго жакын жайгашкан мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жанында жол кыймылына тиешелүү жол белгилерди жана жерге төшөлгөн ылдамдыкты азайтуучу тепкичтерди (“лежачий полицейский”) орнотуу маселесин чечүү.

Пикир

Оставить комментарий