• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бейшеналиев БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары менен баарлашты

Саясат 0

Бишкек, 16.07.21. /Кабар/. Кечээ, 15-июлда видео байланыш форматында Кыргыз Республикасынын БУУдагы жана Женевадагы башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү Алмазбек Бейшеналиев БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишель Бачелет менен баарлашты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын кеңсесинин ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Туруктуу өкүл А.Бейшеналиев Кыргызстан БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын кеңсесинин ишмердүүлүгүн жогору баалай тургандыгын жана аны менен ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоого өзгөчө маани берерин баса белгиледи.

Бул контекстте ал БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын кеңсенин өлкөдө ишке ашырган программалары менен долбоорлорунун актуалдуулугун белгиледи.

Туруктуу өкүл жогорку комиссар М.Бачелетке эл аралык милдеттенмелерин толугу менен сактап, буга чейин кол коюлган бардык келишимдерди так аткарып, Кыргызстан адам укуктары менен эркиндиктерин илгерилетүүгө жана коргоого багытталган тынымсыз ишин уланта берет деп ишендирди.

Өз кезегинде Жогорку комиссар М.Бачелет кыргыз тарабына жемиштүү жолугушуу жана Кыргызстандагы учурдагы абалы жөнүндө маалымат бергендиги үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле адам укуктарын камсыз кылуу жана коргоо жаатында өлкөнүн алдында турган маселелерди чечүү максатында кызматташууну улантууга даяр экендигин тастыктады.

Пикир

Оставить комментарий