• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бейшеналиев чек ара чырынан жабыркагандарга көрсөтүлгөн медициналык жардамдын сапаты менен таанышты

Ден соолук 0

Бишкек 18.06.21. /Кабар/. Бүгүн, 18-июнда, саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргыз курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институтунда болуп, Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак учурунда ар кандай жаракаттарды алган жабырлануучуларга көрсөтүлгөн медициналык жардамдын сапаты менен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, институттун директору Марат Сагымбаевдин айтымында, бүгүнкү күндө 500дөн ашуун адам дарыланууда, алардын арасында кыргыз-тажик чек арасында жабыркагандар бар.

Жалпысынан 15 жабырлануучу реабилитациядан өтүүгө жиберилген, алардын ичинен 5 жабырлануучу учурда бардык зарыл процедуралардан өтүп жатышат, калгандары реабилитациялоо курсунан өткөндөн кийин канааттандырарлык абалда үйүнө чыгарылды.

Министр ошондой эле Курортология институтунун кызматкерлери менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө министр коронавирус инфекциясы боюнча эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калып, жаңы учурлар көбөйгөндүгүн, ошондуктан коронавирус инфекциясы менен ооругандарды кабыл алууга даяр болуу керектигин белгиледи.

"Биз күн сайын COVID-19дун абалы, керебеттердин саны боюнча мониторинг жүргүзөбүз. Албетте, адамдардын реабилитациядан өтүшү маанилүү. Учурда Бишкек шаарында жана Чүй облусунда керебеттер жетиштүү, бирок зарыл болсо, анда Курортология институту коронавирус инфекциясы менен ооругандарды кабыл алууга дагы катышат. Биз керектүү керебеттерди резервде сакташыбыз керек”, - деди министр Алымкадыр Бейшеналиев.

Жолугушуунун аягында министр кызматкерлерге аткарган иштери үчүн ыраазычылык билдирип, келе жаткан кесиптик майрамы менен куттуктап, баардыгына бекем ден соолук каалады.

Пикир

Оставить комментарий