• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бейшеналиев Йемендин жаңы элчиси менен билим берүү жаатындагы кызматташтыкты талкуулады

Билим 0

Бишкек, 17.03.22. /Кабар/. Йемен тараптын демилгеси боюнча 2022-жылдын 16-мартында Кыргызстандын билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин резиденциясы Исламабад шаарында жайгашкан Йемен Республикасынын Кыргызстандагы элчиси М. Алабаши менен жолугушуусу болду. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, А. Бейшеналиев тажрыйбалуу дипломат М. Алабашини Йемендин Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси катары иштеп башташы менен куттуктап, келечекте жемиштүү кызматташа турганына ишенерин билдирди.

Жолугушуу маалында эки өлкөнүн ортосунда өз ара кызыкчылыкты камтыган артыкчылыктуу багыттар боюнча билим жаатындагы кызматташтыкты түзүү жана активдештирүү үчүн мүмкүн болгон маселелер талкууланды.

Жолугушуунун соңунда министр кыргыз тарап өлкөлөр үчүн артыкчылыктуу болгон багыттар боюнча йемен тарап менен кызматташууга даяр экенин ырастап, элчиге мындан аркы ишиндеги ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий