• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бейшеналиев КРнын БУУдагы жана Женевадагы эл аралык башка уюмдардагы өкүлү болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 02.06.21. /Кабар/. Алмазбек Бейшеналиев Кыргыз Республикасынын Бириккен улуттар уюмундагы жана Женева шаарындагы эл аралык башка уюмдардагы туруктуу өкүлү болуп дайындалды.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тиешелүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Белгилей кетсек, Алмазбек Бейшеналиев буга чейин билим берүү жана илим министри болуп иштеген.

Пикир

Оставить комментарий