• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бейшеналиев өлкөдө COVID-19дун мүмкүн болгон өсүшүнө даярдыктар тууралуу айтып берди

COVID - 19 0

Бишкек, 10.12.20. /Кабар/. Бишкекте өтүп жаткан коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Координациялык кеңешменин жыйынында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өлкөдө COVID-19 коронавирустук инфекциясынын мүмкүн болгон өсүшүнө даярдыктар кандай жүрүп жаткандыгы тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, өлкөдө жугуштуу оорулар ооруканалары курулду, 9 оорукананын багыты өзгөртүлдү. Алардын алтысы бүткөрүлдү, ал эми үчөө каражаттын жетишсиздигинен токтоп турат. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков 98 млн сом бөлүүнү убадалады, жакынкы аралыкта жумуштар аягына чыгат. Өлкө боюнча бардыгы 2500 койка-орун бар, анын 353 оруну Бишкекте.

“Мындан тышкары учурда 4 долбоор иш алып барууда. Биз азыркы убакта эки долбоор боюнча 7 млн сом алдык. Калган долбоорлорго тендер өткөрүлүп жатат. Бардык дары-дармектер жана коргонуучу каражаттар чек арада бираз кармалып калган, азыр чек ара ачык, алар бизге келе баштады. Ошондой эле белгилей кетсем, коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүүнүн 5-протоколу иштелип чыкты, жакынкы арада биз ушул протокол менен дарылоону баштайбыз”,- деди министр.

Пикир

Оставить комментарий