• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Бейшеналиев “Мен мугалим болгум келет” республикалык эссе конкурсунун жеңүүчүлөрүн куттуктады

Билим 0

Бишкек, 19.01.21. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжи менен таанышып, “Мен мугалим болгум келет” республикалык мектеп окуучуларынын арасында өткөрүлгөн эссе конкурсунун жеңүүчүлөрүн куттуктады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Өз сөзүндө министр аталган конкурстун демилгечиси, дүйнөдө жаңы чыгып жаткан инновациялык методдорду кыргыз билим берүүсүнө алып келүүнүн үстүндө иштеп жаткан агайлардын бири болгон Дүйшөн Шаматовго ыраазычылык билдирди.

Алмазбек Бейшеналиев Билим берүү жана илим министрлиги жүргүзө турган эң негизги саясаттардын бири мугалим жана билим берүүнүн статусун көтөрүү, экинчиси – коомчулукту билим берүүнү колдоого тартуу экенин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий