• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бейшеналиев Нур-Султанда Түрк академиясынын илимий кеңешинин жыйынына катышты

Билим 0

Бишкек, 24.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 24-июнда Казакстандын Нур-Султан шаарында Эл аралык Түрк академиясынын илимий кеңешинин V жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, отурумга Түрк мамлекеттеринин уюмунун башкы катчысы Багдат Амреев, Эл аралык Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдырали, КР билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, Азербайжан жана Казакстандын билим берүү министрлери жана Казакстандагы дипломаттар катышты.

Жыйында академиянын башчысы 2021-жылга отчет берип, 2022-жылдагы пландары менен тааныштырды. Илимий кеңештин мүчөлөрү аткарылган иштерди жогору баалап, академиянын 2022-жылга карата иш планын бекитти.

Пикир

Оставить комментарий