• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бейшеналиев Женевада Дүйнөлүк соода уюмунун башкы директоруна ишеним грамотасын тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 27.07.21. /Кабар/. Кыргызстандын Женева шаарындагы БУУ жана башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү Алмазбек Бейшеналиев Нгози Оконжо-Ивеалага ишеним грамоталарын тапшырды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө А.Бейшеналиев ДССУнун башкы директоруна Кыргызстандагы ички саясий жана экономикалык кырдаал, өлкөдөгү акыркы саясий окуялар жөнүндө маалымат берди. Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү 1998-жылы уюмга кошулуу менен Кыргызстан өлкөдө либералдык реформаларды жүргүзүү үчүн саясий эркти көрсөткөндүгүн жана постсоветтик чөлкөмдөгү экономикалык өзгөрүүлөрдүн авангарды катары иш алып барып, Дүйнөлүк соода уюмунун КМШ мейкиндигиндеги биринчи мүчөсү болгонун баса белгиледи. Бейшеналиев белгилегендей, 1998-жылы Дүйнөлүк соода уюмуна киргенден бери Кыргызстан соода-экономикалык мамилелер түзүлгөн өлкөлөрдүн географиясын эки эсеге кеңейтти.

Алмазбек Бейшеналиев Нгози Оконжо-Ивеаланы жакында башкы директордун кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктап, Дүйнөлүк соода уюмунун 2021-жылдын ноябрь-декабрь айларына пландалган Министрлер конференциясынын ийгиликтүү өтүшүн каалады жана Нгози Оконжо-Ивеалага Кыргыз Республикасы Дүйнөлүк соода уюмунун негизги иш-чарасына активдүү катышат деп ишендирди.

Дүйнөлүк соода уюмунун башкы директору өз кезегинде Кыргыз Республикасы Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болгон башка өлкөлөр үчүн өлкөдө терең реформаларды жүргүзүүдө үлгү өлкөлөрдүн бири экендигин баса белгилеп, КРнын жаңы Туруктуу өкүлүнө ийгиликтерди каалап, жемиштүү кызматташууга ишеним артты.

Министрлер конференциясы тууралуу Нгози Оконжо-Ивеала Борбордук Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын деңгээлинде катышуусу каралып жаткандыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий