• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бейшеналиев Женевада Парламенттер аралык союздун Башкы катчысы Чунгонг менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 22.07.21. /Кабар/. 2021-жылдын 21-июлунда Кыргызстандын БУУдагы жана Женева шаарындагы эл аралык башка уюмдардагы өкүлү Алмазбек Бейшеналиев Парламенттер аралык союздун Женева шаарындагы штаб-квартирасында Парламенттер аралык союздун Башкы катчысы М. Чунгонг менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Бейшеналиев М. Чунгонгго өлкөдөгү акыркы саясий окуялар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы долбоору боюнча референдумдун жыйынтыктары жана алдыдагы парламенттик шайлоо жөнүндө маалымат берди.

Ошол эле учурда Кыргызстандын туруктуу өкүлү республиканын жаңы Конституциясына ылайык эми Жогорку Кеңеш мурунку 120нын ордуна 90 праламентарийден турарын белгиледи (55 партиялык тизме боюнча, ал эми 35 бир мандаттуу округ боюнча).

Башкы катчы Кыргызстандын өкүлүнө Кыргызстандагы учурдагы кырдаал жөнүндө кеңири маалымат бергендиги үчүн ыраазычылыгын билдирип, Парламенттер аралык союз Жогорку Кеңеш менен ар тараптуу кызматташтыкты, анын ичинде парламентке жаштарды жана аялдарды көбүрөөк тартуу боюнча тренингдерди өткөрүүгө, ошондой эле өлкөнүн мыйзам чыгаруу органында санариптештирүүнү илгерилетүүгө көмөктөшүү жолу менен кызматташууну улантаарын билдирди.

Жолугушуунун соңунда Бейшеналиев М. Чунгонгду ага ыңгайлуу мезгилде Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий