• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетинин ректору дүйнө салды

Коом 0

Бишкек, 08.12.22./Кабар/. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору Чотонов Мамашарип Мамытович 8-декабрда дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Чотонов Мамашарип Мамытович 1968-жылы 9-апрелде Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Кызыл-Жар айылында туулган.

2014-жылдын 15-апрелинен тарта өкмөттүн буйругуна ылайык, Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору болуп эмгектенип жаткан.

Экономика илимдеринин кандидаты, доцент болгон.

Пикир

Оставить комментарий