• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бейшенов: Баткенге өзгөчө макам берүү 1993-жылы сунушталган

Коом 0

Бишкек, 17.05.21 /Кабар/. Тажикстан менен чек арадагы жаңжал Кыргызстанда гана эмес, жалпы аймактагы коопсуздуктун көптөгөн маселелерин көрсөттү. Бул көйгөй бир нече жылдан бери белгилүү болгонуна карабай аны чечүүнүн жолдору сунушталбай келет. Бирок, азыр бул маселени артка жылдырууга болбойт. Ушуга байланыштуу, эксперттик коомчулук “Фергана өрөөнүндөгү чек ара жаңжалдарынын Борбордук Азиядагы глобалдык коопсуздук архитектурасына тийгизген таасири” аттуу тегерек столдун жүрүшүндө топтолгон көйгөйлөрдү талкуулоону чечишти.

Кыргызстандын мурдагы коргоо министри Мурат Бейшенов билдиргендей, чек ара көйгөйү 1993-жылдан бери уланып келет. Ошондо эле Баткенге өзгөчө макам берүү, керектүү инфраструктураны түзүү сунушталган.

"Ыкчам аракеттер көрүлүп, план болушу керек эле. Аскерге чакырылгандардын саны азайып жаткандыгы мени таң калтырат, анткени биздин коңшуларда анын бардыгы бар. Ал жерде адамдар даярдыктар өтүшөт, мобилдик резерв. Бизде андай эмес. Биз кимди чогултабыз? Кеч боло электе тыянак чыгаруу абзел. Ооба, кемчиликтер бар, бирок аны чечиш керек. Баарын акырындык менен пландаштырып жасоо керек", - дейт Бейшенов.

Ал Тажикстан коридорго муктаж экендигин кошумчалады. "Бул менен алар дароо бир нече көйгөйдү чечишет. Азыр ар бир кадам маанилүү. Биздин дипломатиялык абал канчалык начар болсо, кырдаал ошончолук начарлайт. Диалог керек", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий