• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бейшенов: Жалпы 113 чартердик каттам уюштурулуп, 18 миңден ашуун кыргызстандык кайтарылган

Коом 0

Бишкек, 23.07.20. /Кабар/. Жалпысынын 113 чартердик каттам уюштурулуп, 18 миңден ашуун кыргызстандык кайтарылган. Бул тууралуу транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов брифингде билдирди.

Анын айтымында, үзгүлтүксүз аба каттамдарын ачуу маселесин Республикалык штаб менен биргеликте өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга карата ишке ашыруу пландалууда.

“Өзүңүздөргө маалым болгондой регулярдуу эл аралык аба каттамдар 2020-жылдын 20-мартынан тартып токтоп турат. Чартердик, гуманитардык жана жүк ташуу боюнча учуулар аткарылууда. Бүгүнкү күндө чартердик аба каттамдардын графигине ылайык, Москва-Бишкек, Москва-Ош, Новосибирск-Бишкек, Новосибирск-Ош, Стамбул-Бишкек, Дубай-Бишкек жана башка аба каттамдар боюнча чартердик рейстер аткарылып жатат”, - деди ал.

Транспорт министри жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн гуманитардык жүктөр туруктуу негизде кабыл алынарын айтат.

“Кыргызстандык "Авиатриффик компани" жана "Тез Жет" авиакомпаниялары акысыз негизде чет мамлекеттерден гуманитардык жүктөрдү ташып келүү боюнча ар тараптуу көмөк көрсөтүшүүдө. “Манас” эл аралык аэропорту тарабынан аэропорттордо жүргүнчүлөрдүн жана тейлөөчү кызматкерлердин күчөтүлгөн коопсуздук чаралары кабыл алынууда”, - деп белгиледи Бейшенов.

Пикир

Оставить комментарий