• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бейтапканаларда канча беткап бар? – штабдын маалыматы

COVID - 19 0

Бишкек, 22.03.20. /Кабар/. Саламаттык сактоо уюмдарында медициналык жардам көрсөтүү үчүн бүгүнкү күндө медициналык беткаптардын саны 400 миңден ашат. Ошондой эле 3 миң 900 коргоочу костюм жана 50 миң N95 же FPP2 респиратордук беткаптары бар. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

"Ошондой эле, КР аймагында коронавирус илдетин алдын алуу боюнча ыкчам чараларды көрүү үчүн өкмөт тарабынан кошумча 30 млн сом бөлүнүп, ага 1 миң даана N95 респираторлор (мурун каптар), 2200 даана коргоочу кийимдер, 1 миң медициналык халат, ар бири 100 даана болгон 1 миң 200 таңгак кол кап, 20 миң даана медициналык беткаптар сатып алынган", - деп билдиришти штабдан.

Учурда республика боюнча COVID-2019 илдетин жугузгандардын саны 14кө жетет (6 эркек, 8 аял): Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 8 адам, Ноокат району – 3 адам жана Бишкек шаарында – 2 адам.

Пикир

Оставить комментарий