• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бейтаптар эч нерсеге муктаж болбошу үчүн аракет кылдык - жаш дарыгер коронавируска каршы күрөш тууралуу

Коом 0

27-август күнү президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус инфекциясы (COVID-19) менен күрөшүүдө көрсөткөн кайратман жана ак ниет эмгеги, туруктуулугу жана чыдамкайлыгы, жарандык милдетине берилгендиги, адам өмүрүн сактоо ишиндеги кесипкөйлүгү үчүн "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө" жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык сыйлыктар - "Даңк" медалы, ардак грамоталары менен 90 киши сыйланган.

Карантин учурундагы иши жана сыйлыгы тууралуу ординатор-дарыгер Данил Тютин айтып берди.

- Ишке кантип тартылып калдыңыз?

- Кабыл алууну жарыялаганда, мен штатка кирип, эпидемиологдун жардамчысы болдум. Биз бейтаптар эч нерсеге муктаж болбошу үчүн, дары-дармек, тамак-аш жетиштүү болушуна аракет көрдүк. Ошондой эле биринчи кезекте кызматкерлердин коопсуздугун карадык. Штаттык эпидемиолог менен бирге кызматкерлердин ооруну жуктуруп албашына көз салчубуз.

- Кандай кыйынчылыктар болду, жакшылап эс алууга мүмкүнчүлүк болуп жаттыбы?

- Албетте, мүмкүнчүлүк болуп жатты. Биз график менен иштедик. Нөөмөттүн графиги болуп, кезек менен иштеп жаттык. Бир нөөмөттө 6 саат иштеп, бош убакытта өз ишибиз менен алектенчүбүз. Бирөө китеп окуса, башка бирөө уктачу.

- Ал мезгилдерде обсервацияда болуп жаттыңар да?

- Ооба. Мен эки вахта иштедим. Биз эки жума иштеп, эки жума карантинде болуп жаттык. Андан кийин кайра бейтаптардарды дарылоого келчүбүз.

- Азыр абал кандай, ишке тартылып жатасыңарбы?

- Жок. Азыр резерв түзүлүп жатат. Учурда экинчи толкун боло турган болсо деп так протоколдор боюнча адистер даярдалууда.

- Бул сиздин биринчи сыйлыгыңызбы?

- Ооба, бул менин биринчи чоң сыйлыгым.

Пикир

Оставить комментарий