• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бейтаптардын саны азайды. Караколдо “Ата-Кенч” стационары ишин убактылуу токтотту

Аймак 0

Бишкек, 05.08.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында “Ата-Кенч” күндүзгү стационары убактылуу ишин токтотту. Мындай чечим шаардык штабдын кезектеги отурумунда кабыл алынды.

Акыркы бир жумадагы анализдин негизинде Каракол шаарындагы күндүзгү стационарларга кайрылган бейтаптардын саны азайган.

“Азыр шаардагы бейтаптардын кайрылуусу азайгандыгын көрүп жатабыз, бирок биз бардыгына даяр болушубуз керек”, - деди шаар мэри Адыл Каниметов.

Акыркы эки күндө “Ата-Кенч” күндүзгү стационарына 60 бейтап кайрылса, ал эми Толкунга медициналык жардам алуу үчүн 150дөн ашык бейтап кайрылган.

Пикир

Оставить комментарий