• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бейтапты ооруканага жеткирип келе жаткан тез жардам кызматынын унаасы жол кырсыгына кабылды

Кырсык 0

Бишкек, 20.09.17 /Кабар/. Бишкектеги Тез жардам кызматынын унаасы жол кырсыгына кабылып, жабыркагандардын абалы оор. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Жол кырсыгы 20-сентябрда болжол менен таңкы саат 05:00 катталган.

Тез жардам станциясынын башкы дарыгеринин орун басары Болот Абдылдаевдин айтымына караганда, фельдшердин жамбашы сынып Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда оор абалда жатат.

“Бала оор жараттары менен шаардык балдар ооруканасында жатат. Жабыркагандарга тийиштүү жардамдар көрсөтүлүүдө. Талкаланган унаа унаа жоктотуучу жайда, кырсыктын чоо жайы иликтенүүдө”,-деди Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз борборунун адиси Елена Баялинова.

Маалым болгондой, тез жардам унаасы чакыруу боюнча “Арча-Бешик” конушунан келип, баланы ооруканага алып бара жаткан. Түштүк магистарлда жолго чуркап чыга калган иттен улам айдоочу рулду буруп ийгенде унаа аласалып кеткен. Унаанын ичинде төрт адам болгон.

Пикир

Оставить комментарий