• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Бекболот Мырзаназар уулу U23 Дүйнө чемпионатында күмүш медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 06.11.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Бекболот Мырзаназар уулу Сербияда өтүп жаткан 23 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпионатында эркин күрөш боюнча күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтында айтылат.

Мелдеш 1-7-ноябрда Белград шаарында өтүүдө.

Алтын үчүн кармашта Бекболот Мырзаназар уулу (57 кг) азербайжандык Алиаббас Рзазадеге 7:6 эсебинде утулуп, чемпионаттын күмүш байгесин жеңди.

Кыргызстандык спортчу мелдештин 1/8 финалынан баштап катышып, буга чейин үч балбанды тең жеңип алган.

Аталган күрөш боюнча таймашта кыз-келиндер арасында Айпери Медет кызы алтын медалга татыган.

Пикир

Оставить комментарий